Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир нерсе жөнүндө айтууга камданып, оозунан чыгып кете жаздоо. Ушул жооп тилинин учунда ойноп турса да оозу барбады экөөнүн тең (Өмүрбаев). Өзүнүн жок-житиги жөнүндө тилинин учунда турса да азыр айта албады (Укаев). ...Бул уу сөз тилинин учуна келип, бирок артын ойлоп тиштенип, араң тыйынды Карасакал (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсе жөнүндө айтууга камданып, оозунан чыгып кете жаздоо. Ушул жооп тилинин учунда ойноп турса да, оозу барбады экөөнүн тең (Өмүрбаев). Тилимдин учунда турду эле, кап, унутуп калбадымбы деп кейиди («Ала-Тоо»).